Кыргызстан-Мажаристан энергетикалык кызматташуусу
Басып чыгаруу
Жарыяланган күнү: 29-октябрь 2014-ж. 13: 28
52 0
Вице-премьер-министр Валерий Диль мажаристандык «Intertraverz» компаниясынын президенти Отто Хьюберди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Хьюбер аз жана орто кубаттуулуктагы гидроэлектрстанцияларды долбоорлоо жана куруу боюнча сунуш берди. Ал эми, вице-премьер-министр мажар инвесторлорунун электр тармагындагы абалы менен таанышып чыгып, Кыргызстандын экономикасы үчүн кичи энергетиканын маанилүүлүгүн билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Аны менен катар, меморандум иштеп чыккандан кийин «Intertraverz» компаниясы кичи жана орто энергетика долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендиги белгилүү болду. Айта кетсек, «Intertraverz» компаниясы кичи жана орто ГЭС куруу боюнча бир топ тажрыйбага ээ.
Это хороший проект и полезно. Интернет-столица очень глубоко. У него всю информация сделать можешь и порядочно. У нас творческой центре учиться кружок Танца, Информатика, Лепка, Рисунок и. т. д. Наша центральной творческой дом "Келечек"
Жусупбеков Данияр Касымович